Никто не пишет литературу для гордости, она рождается от характера, она также выполняет потребности нации...
Ахмет Байтурсынов
Главная
Блоги
ПОЭЗИЯ
Парманның қырғыз тіліне аударылған өлеңдері

Блоги

11.01.2019
7648

Парманның қырғыз тіліне аударылған өлеңдері

Парманның қырғыз тіліне аударылған өлеңдері

Туулган жер ысык баарынан

 

Туулган жер ысык баарынан,

Балалык чакты сагынткан.

Бешик обон ырынан,

Бөбөк жүрөк каныккан.

 

Туулган жер кымбат баарынан,

Эркелетип өстүргөн.

Батасын алып каарыдан,

Көгөргөн көктөн өз иргем.

 

Туулган жер кооз баарынан,

Суусаган моокум кандырган.

Көрүнүп тоо арыдан.

Кол булгап эсте калтырган.

 

Сагыныч отун жандырып,

Сар санаага айландың.

өткөндү эстеп жаңырып,

Сүрөтүңдөн айландым.

О, тууган жер!

***

Каркыранын үстүнөн карагандан,

Көңүлүңө көз тойбойт бар ааламым.

Маани бергем айылдагы ак теректер,

Бала чактын күнү бар ааламым.

 

Кумар элем

 

Талаа туман, суук күз,

Күндүн көзү суутту из.

Күтүү менен жылуу күн,

Жок согумду күтүпүз...

Казан жүзү катылуу,

Кайдан алган ачууну.

Ызгардын демин татуучу,

Буйруптур бороону.

Бул аязды суукту,

Болсо керек нышааны.

Кумар элем жылууга,

Ашык элем сулууга.

Экөө тең жүз буруп,

Көңүлүм бүгүн курууда.

 

 

Айым деп? Куу жаныңды курман эттиң

 

Күз келип, күз шорлууну кепиндөөдө,

Ак кепин күзгө жым-жым дегизбөөдө.

Каркылдап кара карга сайраган,

Кепиндин астын чукуп нени издөөдө.

 

Жердин бетин ак кепин ороп баарын,

-Тынч жаткыла! – деп карактарым.

Кайран күз жаны көккө көтөрүлдү,

Калкалоо үчүн эми Жаратканын.

 

Тирлиги токсон күнгө толоор беле,

Өмүрү узагыраак болоор беле.

Кенеттен ай жакындан көрүндү да,

Токтоду түбөлүккө согоор деми.

 

Шорлуу күз ай, айга карап эмнең бар,

Жаралган эмес белең сен ажайып.

- Айым! – деп куу жаныңды курман эттиң,

Селт этпей турганыңда пенде ааламы...

 

***

Алмаз кызы Перизат, акын, котормочу, адабиятчы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна илимий кызматкери, Дүйнө Элдеринин Жазуучулар Союзунун мүчөсү, М. Жумабаев атындагы Эл аралык жаштар адабий сыйлыгынын лауреаты, КР УИА нын Жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсү.

 


Поделиться:      
Оставить комментарий: